Климакс кыргызча

Климакс кыргызча

Климакс – 40-50 жаш курагында ар бир аялда кездешүүчү табигый процесс. Климакс учурунда организмде өзгөрүүлөр болот: жыныс бездеринин кызматы басаңдап, аял бала төрөөгө жөндөмсүз болуп калат. Бул процессти көпчүлүк аялдар картаюунун белгиси катары кабыл алышып, аябай оор көтөрүшөт, депрессия болгонго чейин барышат.

Климакс жаш куракка карабайт

Климакстын башталышынын орточо жаш курагы – 51 жаш. Бирок анын так көрсөткүчү жок. Көпчүлүк аялдар бул этапка 45-55 жаштарда туш болушса, айрымдары 30-40 жашта, кээ бирлери таптакыр эле 60 жашта туш келиши мүмкүн. Эрежеге ылайык, ал аялдын апасы канча жашында климакс болсо, өзү да ошол жашында учурайт.

Климакс 3 тепкичтен турат

1. Пременопауза. Бул тепкич 3 жылдан 7 жылга чейин созулат. Бул убакыт аралыгында айыз циклинин өзгөрүүсү орун алат: айыз айлампасы узарат, айыз каны азаят, жумурткалардын гормоналдык кызматы төмөндөйт.

2. Менопауза. Бул тепкич акыркы айыз канынан кийин башталат. Менопауза 12 айга созулат. Жаш курагы болжол менен 49-51 жаш.

3. Постменопауза. Менопаузадан баштап жумурткалардын кызматынын толук бүтүшүнө чейинки аралык, башкача айтканда, аялдын жашоосунун акырына чейинки мезгил.

Климакстын белгилери

Айыз айлампасынын бузулушу: Климакстын негизги белгилеринин бири – айыз айлампасынын бузулушу. Ортодогу аралык 21 күндөн аз же 35 күндөн көп боло башташы климакстан кабар берет. Ошентсе да мындай шартта доктурга көрүнүп, бул өзгөрүү климакстан уламбы, же башка гинекологиялык оорудан уламбы, тактап коюу ашыктык кылбайт.

Кан толкуну: Күтүлбөгөн жерден дененин үстүңкү бөлүгү катуу ысып, кандын тээп кетиши да климакстын белгиси болуп эсептелинет. Бул сезим кээде көкүрөк тушунун, беттин, моюндун кызарып чыгышы менен коштолот. Мындан тышкары купкургак болуп турган тери бир мүнөттүн ичинде суу болуп кетиши мүмкүн. Кан толкуну 30 секундадан 1 мүнөткө чейин созулат. Ал эми кайталануу аралыгы ар кимде ар кандай: айрым аялдарда кээде эле кайталанса, башкаларында бир күндө 50-60 жолу кайталанышы мүмкүн. Арык аялдарга караганда толуктар мындай сезимден көп жабыркашат.

Тердөө: Кан толкуну болгон учурда тердөө да болот. Бул көрүнүш күчтүү болгон учурда бешенеден аккан тер беттен куюлуп, кийим сыгып алма суу болуп кетет. Түн ичинде болсо кийимди улам алмаштырып, жаздыкты ары-бери оодарганга туура келет. Климакс учурундагы тердөө организмдин кадимки калыбындагы эле ролду аткарат, тактап айтканда, токсиндерди бөлүп чыгарат.

Уйкусуздук: Уйкусуздукту да кан толкуну чакырат. Ал болорго бир нече секунд калганда адам ойгонот да, жагымсыз сезимди башынан өткөрөт. Анан кайра уктай албай кыйналат.

Баш оору: Өзүн бош сезе албагандык, терс эмоция зыңылдаган баш ооруну чакырат. Мындай оору моюндун, ийиндин булчуңдарынын чыңалуусунан улам келип чыгат.

Баш айлануу: Кээде күтүлбөгөн жерден баш айланып, басып баратканда тең салмактуулук жоголот. Бул көрүнүш кулактын чуулдашы, көңүл айнуу, атүгүл кусуу менен коштолот.

Жүрөктүн тез-тез согушу, жүрөк тушунун оорушу: Климакс учурунда жүрөк кычкылтектин жетишсиздигинен жапа чегип, бул жүрөк тушундагы катуу ооруну чакырат. Бул ар кандай жүрөк ооруларынан жапа чеккен аялдарга таандык көрүнүш.

Кан басымынын кескин жогорулашы: Кан басымынын жогорулашынын биринчи белгилери–баш оору, көңүл айлануу, баш айлануу. Бул климакс учурундагы эң көп кездешчү көрүнүш.

Манжалардын катып калышы: Бир же эки колдун тең сөөмөй, аты жок жана ортон манжалары кокусунан эле уюп, катып калат. Бул көбүнчө түндө, уктап жатканда болот. Эртең менен манжаларды ачып-жумууда колдун сөөктөрү катуу ооруйт.

Дененин чымырашы: Териде кумурска жөрмөлөп кетип бараткандай сезим калтырган чымыроо бир колдо, бутта же дененин тең жарымында болот.

Маанайдын кескин өзгөрүшү;

Кыжырдануу, чарчоо, тынчсыздануу;

Тамакка бир нерсе тыгылып калгандай сезим: Климаксты баштарынан өткөрүп жаткан аялдардын көпчүлүгү тамагына бир нерсе тыгылып калгандай жагымсыз сезимге туш болушат. Ал нерседен арылуу үчүн улам-улам жутунуу да жардам бербейт. Бул көрүнүш айрыкча түнү уктоого тоскоол болот. Мындай сезим бир жылдай убакытка созулуп, андан кийин өзү жоголуп кетет.

Депрессия: Адатта депрессиянын себептери үй-бүлөлүк чыр-чатак, жумуштагы жагымсыздык, жакын адамынын оорушу жана башкалар болот. Бирок климакс учурунда адам эч себепсиз эле депрессияга кабылышы мүмкүн.

Жыныс кынынын кургоосу, кычышуусу: Климакска туш болгон же анын башталышынын алдында турган аялдын организми жыныс гормондорун аз бөлүп чыгара баштайт. Мунун натыйжасында жыныс кыны кургак болуп калат. Бул болсо анын кычышуусу менен коштолот.

Заараны кармай албоо: Гормондордун жетишсиздигинен улам бул курактагы көпчүлүк аялдар заара кылууда жагымсыз сезимдерге туш болушат же заарасын кармай албай, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө анын чыгып кетишине кабылышат.

Климаксты жеңилдетүүчү элдик каражаттар

Лимон менен жумуртканын кабыгы: 10 даана лимонду туурап, кабыгы менен кошо эт майдалагычтан өткөрөсүз. Аны 5 жумуртканын майдаланган кабыгына аралаштырып 10 күн коюп коёсуз. Бул убакыт аралыгында жумуртканын кабыгы эрип кетүүгө тийиш. Ушундан кийин бул аралашманы бир күндө 3 маал 2 чоң кашыктан кабыл аласыз. Климакс учурундагы абалыңызды жеңилдетүүчү бул аралашманы 1 ай бою жешиңиз керек.

Бүлдүркөн: Бүлдүркөндүн мөмөсү же ал кошулган чай климакс учурундагы кыжырданууну, тынчсызданууну басат.

Кызылчанын ширеси: Мындай абалды жөнгө салууда кызылчанын ширеси да мыкты каражат. Бирок дароо эле анын өзүн ичүү сунуш кылынбайт. Алгач теңме-тең кылып суу же сабиздин ширесин кошуп ичүү туура. Анан аз-аздан азайтып отуруп таза кызылча ширесине өтүү талапка ылайык.

Кайыңдын жалбырагы менен сөйкөсү: Натыйжалуулугу үчүн кайыңдын жалбырагы менен сөйкөсүн апрель айында жыйнап коюу керек. Болжол менен 30 даана жалбырактын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюп, үстүн жаап алты саат тыныктырып коюу керек. Пайда болгон маңызды тең үч бөлүккө бөлүп алуу керек да, биринчи бөлүктү эртең менен, экинчисин түштө, үчүнчү бөлүгүн кечинде аз-аздан ууртап ичүү керек. 14 күн тынымсыз ичкенде натыйжасы байкала баштайт.

А сөйкөсүн болсо жарым литр аракка 30 күн чылоо зарыл. Андан кийин эртең менен, түштө, кечинде тамактанарга жарым саат калганда бир ууртамдан ичүү керек.

Использованные источники: www.nazarnews.kg

Климакс менен күрөшүү

«Эч кандай себеп жок болсо да, туруп туруп эле көңүлүм чөгө берчү. Көп ыйлачумун, акылыман айнып баратамбы деген ойлор да келчү» (Рондро*, 50 жашта).

«Эртең менен турсаң, үйүң чачык. Буюм-тайымдарыңды таппайсың. Мурда кылып келген нерселерди кылуу өзүнчө эле бир түйшүк болуп калат. Бирок эмне үчүн ошондой болуп жатканыңды билбейсиң» (Ханта, 55 жашта).

БУЛ аялдар ооруп жаткан жок. Азыр алардын климактерий мезгилинен (же климакс) — жыныс органдарынын функциясы акырындык менен басаңдаган физиологиялык мезгилден — өтүп жаткан учуру. Балким, силер да климакс баштала турган убакка жакындап калгандырсыңар же климакс болуп жаткандырсыңар. Кандай болбосун, ал тууралуу билип алуу силер үчүн да, жакындарыңар үчүн да маанилүү. Бул ошол учурда боло турган кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берет.

Климактерий мезгили

Климакс же климактерий мезгили ошол мезгилдин алдындагы убакытты да, ошол мезгилдин өзүн да камтыйт *. Бирок көпчүлүк климакс башталганга чейинки убакытты да, климакстын өзүн да, жалпы жонунан, климакс деп коюшат.

Аялдардын көбү 40 жашында, айрым учурларда 60тан ашканда климакс болушат. Көбүнчө этек кири акырындап отуруп токтойт. Гормондордун бөлүнүп чыгышы өйдө-төмөн болгондуктан, аялдын айызы бир келип, бир келбеши же өтө көп келиши мүмкүн. Ал эми айрымдардын этек кири бара-бара эмес, бир заматта эле токтоп калышы ыктымал.

Бир китепте: «Ар бир аялдын климактерий мезгили ар башка болот»,— делет. Ошондой эле: «Климакс болгон аялдар көбүнчө чыйрыгып үшүп, андан кийин көл-шал болуп тердеши мүмкүн»,— деп жазылат. Ошондон улам алардын уйкусу бузулуп, алы кетет. Алар канча убакытка чейин ушундай абалда болушат? («Menopause Guidebook»). Дагы бир китепте буга мындай жооп берилет: «Кээ бир аялдардын ысып-тердеши климактерий мезгилинде бир же эки жылга созулуп, бир нече жолу кайталанат. Башкалардыкы көп жылга, ал эми айрымдардыкы өмүрүнүн акырына чейин созулуп, кээде кайталанып турат» * («The Menopause Book»).

Гормондордун туруксуздугунан улам аял киши климакс учурунда депрессия болушу, маанайы бир де жакшы, бир де пас болушу, ыйлашы, көңүлүн топтой албашы, эс тутуму начарлашы этимал. Жогорудагы китепте «аял бир эле учурда ушулардын баарын башынан өткөрбөшү деле мүмкүн» экени айтылат. Ооба, айрымдар саналып өткөндөрдүн кээ бирлерине эле кабылат.

Кантип күрөшсө болот?

Айрым нерселерди өзгөртүү анча-мынча болсо да кыйынчылыктан арылтышы мүмкүн. Мисалы, тамеки чегип жүргөндөр тамекисин таштаса, ысып-тердегени азайышы ыктымал. Көл-шал болуп тердегенге себеп болгон нерселерди, алсак, спирт ичимдиктерин, кофеинди, өткүл татымалдарды же таттуу азык-заттарды азыраак колдонуу же алардан такыр эле баш тартуу да пайдалуу. Бирок туура тамактануу абдан маанилүү. Ал үчүн тамакты өтө көп же өтө аз ичпеш керек жана тамак-ашты түрдүүлөп жеп туруу зарыл.

Көнүгүү жасоо да климактерий синдромун азайтат. Мисалга уйку көп качпай калат, көңүл куунак болуп, маанай көтөрүлөт, сөөктөр, дегеле ден соолук чыңдалат *.

Жакындарыңарга ой-сезимдериңерди айткыла

«Эмне болуп жатканыңарды жашырып, өзүнчө кыйналып жүрө бербегиле,— дейт жогоруда сөз кылынган Рондро.— Жакындарыңарга ой-сезимиңерди ачык айтсаңар, алар жаман болуп жатканыңарды көргөндө өтө тынчсызданбай калат». Ошондой эле силерди түшүнүп, чыдамдуулук менен мамиле кылат. Ыйык Китепте: «Сүйүү чыдамкай, боорукер»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 13:4).

Көп аялдарга, анын ичинде балалуу боло ала турган курактан өтүп баратканына кайгырып жаткандарга Кудайдан жардам сурап тиленүү да чоң жардам берет. Ыйык Китепте: «[Кудай] бизди, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот»,— деп айтылат (2 Корунттуктар 1:4). Андан сырткары, климакстын өтүп кетерин билүү да жубатып-сооротот. Ал мезгил өткөндөн кийин, ден соолугуна караган аялдар күчкө толуп, андан аркы өмүрүн кубанычтуу өткөрө алат.

^ абз. 8 Доктурлардын айтуусу боюнча, аялдын этек кири 12 айдын ичинде келбесе, климакс этек кири акыркы жолу келген айдан тартып башталган болот.

^ абз. 12 Аялдардын ысып-тердешине белгилүү бир оорулар, алсак, калкан безине байланыштуу оорулар, инфекциялар, ошондой эле дары-дармектер да себеп болушу мүмкүн. Андыктан ысып-тердөө климактерий мезгилине байланыштуу деп жыйынтык чыгардан мурун ушуларды эске алуу акылдуулукка жатат.

Бейтаптар климактерий мезгилиндеги кыйынчылыктар менен оңой күрөшө алышы үчүн, доктурлар ар нерселерди, мисалы, гормондорду, тамак-аш кошулмаларын жана депрессияга каршы дарыларды жазып беришет. «Ойгонгула!» жураналы кайсы бир дары-дармекти же дарылануу ыкмасын колдонууну жактабайт.

Использованные источники: www.jw.org

Мастит, матка, климакс. Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча аталышы

Адистер медициналык терминдерди кыргызчага которуу оор экендигин белгилешет. Себеби илдеттердин аталышынын көбү грек тилинен келген. Ошентсе да алардын кыргызча маанисин табууга мүмкүн.

Бүгүнкү «Тибиртке» рубрикасында дал ушул темага токтолобуз. Медициналык терминдерди темага бөлүп берүүнү эп көрдүк. Бүгүн гинекологияга байланышкан сөздөрдү чечмелейбиз.

Материалды даярдоого Кыргыз-орус славян университетинин профессору, «Медициналык орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүк» китебинин автору Аттокур Жапанов жардам берди.

Гинекология — гректин «аял» жана «үйрөнүү» деген сөзүнөн куралган. Башкача айтканда аялдын анатомиясын жана физиологиясын изилдөөгө арналган илим.

Сифилис — котон жарасы. Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оору. Илдет теринин былжырлуу катмарын, ички органдарды, сөөктү жана нерв системаларын жабыркатат.

Миома — жатын булчуңдарынын залалдуу эмес шишик түрүндө пайда болгон оорусу. Жатынга, таманга суук тийгенде, бойдон алдырганда, гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болгондо, туура эмес тамактанганда, жыныстык жашоодон канааттанбаганда пайда болот.

Киста — ичи сары суу сымал суюктукка толгон шишик. Ал миомадан айырмаланып жатында эмес, жумурткада пайда болот.

Молочница — оозул. Илдет адамдын организминде боло турчу кандидоз грибогу башка бактерияларга кошулуп көбөйүп кеткенде пайда болот. Оору процессинде жыныстык мүчөдөн быштак сымал жагымсыз жыты бар суюктук бөлүнүп, ыңгайсыздык жаратат.

Шейка матки — жатын моюнчасы;

Маточная труба — жатын түтүкчөлөрү;

Эрозия шейки матки — жатын моюнчасынын жарасы;

Метрит — жатындын сезгениши;

Вульвит — жыныстык органдын тышынын сезгениши;

Акушер — аялга төрөт убагында жардам берген дарыгер;

Внематочная беременность — жатындан тышкары бойдо бүтүү;

Выкидыш — түйүлдүктүн өлүү төрөлүүсү;

Аборт — бойдон алдыруу;

Токсикоз — талгак, талгактык;

Гимен — кыздык белги;

Гименопластика — пластикалык жол менен кыздык белгини калыбына келтирүү;

Менструация — айыз цикли, этек кир;

Мастит —эмчектин сезгениши;

Цистит — табарсыктын инфекциялардан улам сезгениши (көбүнчө аялзаты жабыркайт).

Тема боюнча

ЭҢ МААНИЛҮҮ

Окурмандар акыркы күндөрү айрым май куюучу жайларда автогаздын жок болуп жатканын айтышкан.

Алдын ала маалымат боюнча колго түшүрүлгөндөр Таласта да элди тоноп жүрүшкөн

Рейтингди түзүүдө абройлуу басылмалардын редакторлорунун, эл аралык изилдөөчүлөрдүн пикири эске алынган.

Жаңылыктар

  • 12:10 Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусун кыдырат
  • 11:41 Финансылык чалгын кызматынын ишине көз салууга кыз-келиндер тартылат
  • 11:00 Жүрөк оозго тыгылат! Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары
  • 10:45 Учкучтар жүргүнчүгө эч качан айтпай турган нерселерди ачыкташты
  • 10:34 Автогаз эмнеге тартыш? «Газпром нефть Азии» компаниясынын жообу

Бардык жаңылыктар

Колумнисттер

Валимжан Таңырыков

Алмаз Батилов

Нуржигит Кадырбеков

Азим Бектурган уулу

Пресс-дайджест

Мультимедиа

Соцтармактар

Спутник сайттарынын пайдалануучуларын алардын баракчасы же социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу каттоо жана активдештирүү бул эрежелерди сактоо боюнча макулдашуудан кийин гана жүргүзүлөт.

Колдонуучу өз аракеттери менен улуттук жана эл аралык мыйзамдарды бузбоо милдетин алат. Пайдалануучу талкуунун башка катышуучуларына, окурмандарга же макалалардагы баян этилген адамдарга карата абдан сый мамиле кылууга милдеттендирилет.

Материалдын негизги мазмунундагы тилден айырмаланган тилдеги пикирлерди администратор өчүрүп коюуга толук акысы бар.

Пикирлер төмөнкүдөй учурларда өчүрүлөт:

  • пикир материалдын тематикасына ылайык болбосо;
  • жек көрүүнү даңазалап, расалык, этностук, жыныстык, диний, социалдык көрсөткүчтөр боюнча басмырласа, азчылыктардын укугуна шек келтирсе;
  • жашы жете электердин укугун бузса, аларга ар кандай, анын ичинде моралдык да зыян келтирилсе;
  • экстремисттик жана террордук мүнөздөгү идеяны камтып, тигил же бул мыйзамсыз аракеттерге үндөсө;
  • башка пайдалануучулардын, так бирөөнүн же ишкананын дарегине карата кемсинтүү, коркутууну камтып, алардын абийири жана ар-намысына шек келтирилип же иштеги кадыр-баркына доо кетирилсе;
  • Sputnik дарегине карата кемсинтүү камтылган же ишенбөөчүлүк көрсөткөн билдирүүлөр;
  • жеке турмуштун купуя жана кол тийбестигин бузуп, үчүнчү жактардын макулдугун албастан жеке маалыматтары таратылса, алардын өз ара жазышууларынын купуялуулугун ачса;
  • зордук-зомбулук, жаныбарларды кордоо чагылдырылган шилтемелер же аларды сүрөттөөлөр камтылса;
  • өз жанын кыюу ыкмалары тууралуу маалыматтарды камтып, өзүн өзү өлтүрүүгө азгырса;
  • коммерциялык максатты көздөп, ыксыз жарнаманы, мыйзамсыз саясий рекламаны же ушундай маалымат чагылдырылган башка тармактык ресурстарга шилтемелерди камтыса;
  • үчүнчү тараптардын өндүрүмү же кызматтары алардын тийиштүү уруксаты жок жарнамаланса;
  • кемсинткен сөздөр, адепсиз кеп же анын туунду сөздөрү, ошондой эле ушул аныктамага кирген сөз айкаштары колдонулса
  • жөнү жок шилтемелер, аларды таркатууну жарнамалаган, билдирүүлөрдү таратуунун жалпы сервистери жана интернетте киреше табуу ресурстары камтылса;
  • баңгизат/психотроптук каражаттарды колдонууну жарнамаласа, аларды даярдоо жана пайдалануу тууралуу маалымат болсо
  • вирустарга жана зыян келтирчү программалык жыйындыларга шилтемени камтыса; • — окшош же бирдей мазмундагы көп сандагы комментарийлер келген кайсы бир акциянын (флешмоб) бөлүгү болсо;
  • автор маанисиз эле билдирүүлөрдү көп жаза берсе же тексттин мааниси талдоого татаал болсо («флуд);
  • автор тармактагы адепти сактабай, ачууланып, шылдыңдап же кемсинтсе («троллинг»);
  • автор тилди сыйлабаса, маселен, текстти бүт бойдон баш тамгалар менен же сүйлөмдөргө бөлүнбөй жазса.

Администрация алдын ала эскертүүсүз эле колдонуучуну баракчага кире алгыс кылып, же пикир калтыруунун эрежелерин бузган шартта, же анын аракеттеринен ушундай белги байкалса, аккаунтун өчүрүп салууга акылуу.

Использованные источники: sputnik.kg

ЭРТА КЛИМАКС: СЕВИНАЙМИ, ҚЎРҚАЙМИ?

Эрта климакс нима? Уни қайси белгиларига қараб аниқласа бўладими? Бу даврнинг инжиқликни енгиб ўтиш мумкинми? Қуйида шу мавзуда сирлашамиз…

Мутахассисимиз — гинеколог Феруза РАСУЛОВА.

Климакс — ҳайз кўриш жараёни тўхтаб, организмдаги эстроген ва бошқа гормонлар миқдори бирданига пасая бошлаши. Статистикага кўра, бу ҳолат аёлда ўртача эллик икки ёшда бошланар экан. Бу ҳолатнинг 35-40 ёшда кузатилиши эрта климакс деб аталади.

Сабаблари

  • Насл. Агар аёлнинг онаси ёки она томондан қариндошларда климакс эрта кузатилган бўлса, авлод вакилаларида ҳам бу ҳол такрорланиши мумкин. Илк ҳайзи даври ва ҳомила сонининг аҳамияти йўқ.
  • Чекиш климакс даврини тезлаштиради. Ички биологик соатни тўхтатиш, ёки секинлаштиришнинг иложи йўқ. Фақат бу давр келиши тезлашувини чақирувчи ёмон одатлардан сақланишгина мумкин. Масалан, чекиш, ҳавоси у қадар тоза бўлмаган жойда истиқомат қилиш. Ўта фаол ва асабий турмуш тарзи.
  • Контрацептив препаратларни қабул қилган аёллар, уларни қабул қилмаганларига нисбатан кечроқ климакс даврини бошдан кечиришади.
  • Гинекологик операциялар ҳам климакс даврининг эрта ташрифига сабаб бўла олади.
  • Қаттиқ стресс, хусусан, балоғат ёшига етаётган қизларда.
  • Жинсий ривожланиш даврида инфекцион касалликлар.
  • Қалқонсимон бездаги иммунологик касалликлар.
  • Оғир туғруқ.

Белгилари

Климакснинг илк белгиси ҳайз тартибидаги тизимнинг бузилишидир. Ҳайз баъзан бир неча ҳафта, ёки ой кечикса, гоҳида камроқ бўлиб келади.

Муаммо шундаки, бу каби қатор белгилар жиддий гинекологик (баъзида саратон ҳам) касалликлар асоратида ҳам кузатилади. Шунинг учун климакс бўлдим деб ўтирмасдан, шифокор-гинеколог қабулига боринг.

Ёдда тутинг!

Ўттиз беш ёшдан кейин аёллар гинеколог қабулига йилига бир марта (ҳеч нарса безовта қилмаса ҳам) боришни олтин қоида қилиб олишлари керак. Гормонга топширилган қон таҳлилига кўра, ҳайздаги ўзгариш сабабини аниқлаган шифокор тухумдонлар фаоллигидаги сустликни тасдиқласа, жараённи ҳеч қандай тиббий препаратлар билан тўхтатиб бўлмайди.

Климакс даври ўз вақтида (50 ёшга яқин) келса, климактерик синдром (асабийлик, қизиб совиш, қаттиқ терлаш, тушкунлик, уйқунинг бузилиши) аёлни у қадар безовта қилмайди. Статистикага кўра, бу омадлилар қаторига аёлларнинг 20 фоиздан 60 фоизгачаси кириши мумкин. Эрта климакс кўрган аёллар юқорида келтирилган ҳолатлардан қийналишади. Гормонал қайта қуриш оқибатида аёл жаҳлдор бўлиб қолади.

Нима қилиш керак?

  • Рўй бераётган нохуш ҳис-туйғуларни пасайтириш мақсадида тиббиёт гормонлар ўрнини босувчи даво муолажасидан фойдаланади. Бу вақтда аёл таркибида аёллар жинсий гормони (эстроген ва прогестерон) бўлган дори препаратларини қабул қилиб туради. Мақсад, гормон етишмаётган организмни сунъий гормон билан алдаш. Шу йўл орқали асаб тинчланиб, жараён нисбатан сокинроқ ўтишига эришиш мумкин.
  • Унутманг, гормонал препаратларни мутахассис аввало зарур кўрикни ўтказиб, таҳлил жавобларига асосланган ҳолда буюради. Акс ҳолда нохуш ҳолатлар янада шиддатлашиши, ёки саратон белгилари ҳақида организм бераётган сигнал эътибордан четда қолиб кетиш хавфи бор.
  • Климакс даврида фарзанд кўриш режалаштирмаган бўлса, контрацептив препаратларни бир йил давомида қабул қилиб туриш керак. Чунки энди ҳайз циклининг издан чиқиши натижасида тухумдон уруғланиш даврини оддий тахмин ёки ҳисоблаш орқали аниқлаш қийинчилик туғдиради.
  • Қин қуруқшаб қолишини махсус лубрикантлар ёрдамида бартараф этиш маслаҳат берилади.
  • Баъзида климакс даври билан паралел кетувчи кальций алмашинуви жараёни бузилишида қаттиқ беҳоллик кузатилади. Шифокорга мурожаат қилиб, керакли чораларни кўринг.
  • Соч тўкилиши, тирноқ синувчанлигини гормонал муолажа ёрдамида бартараф этса бўлади.

Климаксни қариялик даври деб ҳисобламанг. Ҳаммаси ички туйғуларингизга боғлиқ. Кейинги сонларимизда эса ҳаёз даври муддати, ушбу нозик п0айтда нималар мумкин ва мумкин эмаслиги ҳақида сирлашамиз.

Использованные источники: darakchi.uz

Статьи по теме